Билим берүү министри: "Мектептер сентябрга чейин 2,5 миллион окуу китеби менен камсыздалат"
Кыргызстандын мектептери 2025-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы 2,5 миллион даана жаңы окуу китеби менен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 740 миллион сом бөлүнгөн. Бул окуу куралдары негизинен STEM-багытындагы сабактарды камтыйт.
Төмөнкү сабактар боюнча китептер даярдалат:
- Англис тили - 3-, 4-, 5-, 6-, 7-, 8-, 9-класстар үчүн
- Табият таануу - 1-, 2-, 5-, 7-, 8-класстар үчүн
- Математика - 1-, 2- 5-, 7-, 8-класстар үчүн
Мындан тышкары, 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери да сатып алынат.
Министр белгилегендей, бул аракеттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучуларды заманбап шартта билим менен камсыз кылууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.