Быйыл 1-класска бара турган балдардын саны айтылды
2025-2026-окуу жылында Кыргызстандын мектептерине 170 миңден ашуун бала биринчи класска барат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Министрдин маалыматына караганда, бул балдардын басымдуу бөлүгү мектепке чейинки даярдыктан өткөн:
- 120 миңге жакын бала - нөлүнчү класстарда билим алышкан;
- 40 миң бала - "Наристе" программасынын алкагында бала бакчаларда даярдалган;
- 3 миңден ашык бала - жеке менчик бакчаларда жана мектептерде окутулган;
- 3500дөй бала - мектепке даярдыкты мектептен тышкаркы мекемелерде көрүшкөн.
"Бирок 821 бала мектепке чейинки даярдоодон өткөн эмес. Бул балдар үчүн 2025-жылдын август айында атайын мектепке даярдоо курстары уюштурулат", - деди министр
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.