super.kg logo

Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен чектешкен аймактарга эркин соода жайларын ачууну тапшырды

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусунун жетекчилигине Кыргызстан менен чек арага жакын жайгашкан аймакта эркин соода жана өнөр жай аймагын түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Мирзиёевдин айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга 200 миллион долларлык продукция экспорттолот. Ушуга байланыштуу соода жүгүртүүнү кеңейтүү үчүн адистештирилген аймактарды уюштуруунун мааниси бар экендиги кошумчаланган.

"Өзбекстандын президенти Кургантепа менен Ходжаабадда соода жайларын куруунун варианттарын карап чыгууну сунуштады. Аймактык бийликке бул багыттардын бирин тандап, ишкерлер менен кеңешип долбоордун башкы планын иштеп чыгуу милдети тапшырылды. Ал эркин аймакты Ооганстанга жакын жерде ачкандай уюштурууга болорун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар чек арадагы өткөрмө пункттарындагы тыгын маселесин тез арада жоюу керектиги айтылып, мындай жагдай соода кылуучуларга тоскоолдук жаратып жаткандыгын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: