super.kg logo

Билим берүү министри: "Жаңы окуу жылында мектептерге 3-курстун студенттери тартылат" 

 

2025-2026-окуу жылында мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин жоюу максатында педагогикалык факультеттердин 3-курс студенттери окутуу процессине тартылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, учурда өлкө мектептеринде 1 миллион 536 миңден ашуун окуучу билим алууда. Республика боюнча 2394 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп иштеп жатат.

Сентябрда 1-класска 170 миң бала кабыл алынат. Анын ичинен 40 миң бала нөлүнчү класстарда, калган балдар билим берүү борборлорунда жана даярдоо топторунда окутулган. Бирок 821 бала мектепке чейинки даярдоо менен камтылган эмес.

Кендирбаева билдиргендей, август айында мугалимдер эмгек өргүүлөрүнөн кайткандан кийин мектепке даяр эмес балдар үчүн кыска мөөнөттүү даярдоо курстары уюштурулат.

Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу башталгыч класстардын мугалимдери жетишпей жатканы белгиленди. Азыркы учурда 6800 мугалим жетишсиз.

Министрликтин бул маселени чечүү боюнча көрүп жаткан чаралары төмөнкүдөй:

  • Мектепке даярдоо менен алектенген 3 миңге жакын педагог мектепке тартылат;
  • Кошумча 3819 мугалим жумушка алынат;
  • Педагогикалык багытта билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын 3-курсунун студенттери практика алкагында мектептерге тартылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: