Милиция өзүн өрттөгөн адам тууралуу маалымат берди. Ага эмне себеп болгон?
Социалдык тармактарда өзүн өрттөгөн адамдын видеосу тарады. Буга улай Бишкектин Свердлов райондук милициясы маалымат берип, окуя кечээ, 16-апрелде борбор калаада катталганын тастыктады.
Маалымдагандай, бул тууралуу маалымат түшөрү менен жерине милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда 29 жаштагы жаран Западная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан өзүнө бензин чачып, өрттөгөнү такталган. Ал мындай ишке мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам барган.
Райондук милиция жерине "Тез жардам" чакырылып, жабырлануучу ооруканага жаткырылганын кошумчалады.
17.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.