Сүлүктүдө 9 жыл мурун менчиктештирилген заводду ээлери ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарды




Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы жеке менчикке сатылып кеткен завод мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2016-жылдын май айында Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан ачык аукцион аркылуу жеке менчикке Кирпичный көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан, 2,4 гектар жер тилкеси бар кыш заводу сатылып кеткендиги аныкталган. Аны ээлери ыктыярдуу негизде мамлекетке кайтарышкандыгы маалыматта кошумчаланган.
Өз мезгилинде иштеген завод учурда көмүр казуучу ишканалар тарабынан көмүр сактоочу жай катары колдонулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.