super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык жаш спортчулар KIDS-2025 мелдешинен ийгиликтүү кайтты

 

Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан АДК соода борборунда спорттун аскага чыгуу түрү боюнча KIDS-2025 Борбордук Азия кубогунун биринчи этабы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандан келген жалпы 217 жаш спортчу катышты.

Алар эки негизги багыт боюнча күч сынашты:

  • Шамдагайлык дисциплинасы – 112 катышуучу;
  • Кыйынчылык дисциплинасы – 105 катышуучу.

Спортчулар үч жаш категориясында ат салышты:

  • 2011-2012-жылкы балдар,
  • 2013-2014-жылкы балдар,
  • 2015-жылкы жана андан кичүү балдар.

"Кыргызстандын жаштар курама командасы бул турнирде активдүү катышып, Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин алты спортчусу өлкө намысын коргоду. Мелдештин негизги максаты – спорттун аскага чыгуу түрүн жаштар арасында жайылтуу, Борбордук Азияда бул спортту жеткиликтүү кылуу, жаш спортчулардын потенциалын аныктоо жана аларды эл аралык деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Ошондой эле бул этапта улуттук командалар үчүн рейтингдик тандоо жүргүзүлүп, келечектеги этаптарга даярдык көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык спортчулардын жыйынтыктары.

Шамдагайлык дисциплинасы:

  • Марасулов Дамир – 4-орун
  • Ким Сергей – 4-орун

Кыйынчылык дисциплинасы:

  • Оморова Аделя – 5-орун






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: