super.kg logo
  Спорт  

Грузин спорчусу менен кол күрөштө сынга кабылган кыргыз спортчусу реванш өткөрмөй болду

 
Грузиялык спортчу менен кол күрөшүп, социалдык баракчаларда сөзгө калган кыргызстандык паралимпиадачы Бекболсун Токтосун уулу эсиңиздердеби? Ал эми 26-апрелде Грузиянын Батуми шаарында параармрестлинг боюнча профессионалдык турнирге реваншга барат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, реваншта ал грузиялык ошол эле атаандашы Вахтанг Ахобадзе менен күч сынашат.
Белгилей кетсек, Бекболсун Токтосун уулу 2024-жылы Молдованын Кишинёв шаарында өткөн Параармрестлинг боюнча дүйнө чемпиондугунун күмүш медалисти, Жуманазаров атындагы теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча атайын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги профессионалдык параармрестлинг турнирлерине чакырылган Азиядан чыккан алгачкы спортчу болуп саналат.
Ал эми "GrandBellagio Championship" эл аралык турнирине белгилүү дүйнөлүк спортчулар да катышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: