super.kg logo

БШК Султанбай Айжигитовдун билдирүүсүнө жооп берди

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдун жасаган билдирүүсүнө жооп берди.

БШК сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү мекеменин милдетине кирбей турганын, милдети – шайлоолор менен референдумдарды даярдап жана өткөрүү экенин билдирди.

Ошондой эле БШК Айжигитовдун депутаттык мандаты боюнча жасаган билдирүүсү негизсиз экенин белгилеп, андыктан аны мыйзамдарды бурмалоо менен коомчулукту адаштырбоого чакырды.

Белгилей кетсек, 15-апрелде Айжигитов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, аны мандаттан ажыратуу тууралуу БШКнын чечимине байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн 8-апрелде БШКнын өзүнө арыз бергенин, эч кандай жооп болбогондуктан 14-апрелде дагы бир арыз калтырганын айткан.

Ал мекемеден ошол күнү БШКнын аны мандаттан ажыраткан чечимине каршы сотко кайрылса болорун билдирген жообун алганын билдирген. Мурдагы депутат кайрылуусунун соңунда сотко берерден мурун Административдик процессуалдык кодекс боюнча сотко чейинки териштирүү милдеттүү болушу керектигин баса белгилеген.

Эске салсак, БШК 28-марттагы жыйынында Айжигитовду мандатынан ажыраткан. 31-мартта ал БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган. Бирок сотко чейинки териштирүү болушу керек деген жүйө менен арызын артка алган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: