super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

 

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана депутат Кубанычбек Самаков Кытай Эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, комитет төрагасы өз сөзүндө кыргыз-кытай достук мамилесин жогору баалай турганын белгилеп, тармактык комитет элчиликтин миссиясына колдоо көрсөтүп, көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Улан Примов буга чейин өлкө жетекчилигинин, депутаттардын кошуна өлкөгө жасаган иш сапарлары жемиштүү болгонун эске салып, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын күчөтүүгө да чоң маани берилерин айтты.

"Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй өсүп, 5,5 миллиард долларга жетти”, - деп белгиледи комитет төрагасы Улан Примов.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин өлкө башчыларынын Кытайга болгон мамлекеттик сапарында өз ара мамилелердин бардык аспектилери тууралуу сөз болуп, кызматташтык боюнча 24 документке кол коюлганы эң чоң ийгилик деп билдирди.

"Натыйжада парламенттер аралык кызматташтык дагы жаңы деңгээлге көтөрүлдү", - деди элчи Лю Цзянпин.

Тараптар соода-экономикалык байланышты күчөтүү, кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптан өнүктүрүү тууралуу баарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: