super.kg logo

MBusiness’тен "Күнүмдүк" аманаты: бизнестин кирешесин көбөйтүү үчүн эффективдүү курал!

 

MBANK’тын MBusiness колдонмосу Кыргызстандагы ишкерлер үчүн №1 мобилдик колдонмо катары татыктуу таанылып келет. Эми биринчи жолу өлкөдө жеке ишкерлер үчүн уникалдуу "Күнүмдүк" аманаты сунушталууда — ал аркылуу пайыздарды күн сайын алып, бизнесиңизге реалдуу убакыт режиминде киреше камсыздай аласыз.

Күндүз акчаңызды бизнеске, сатып алууга же төлөмдөргө пайдаланыңыз, ал эми кечинде эсебиңизде калган суммага MBusiness пайыз чегерет! “Күнүмдүк” аманаты менен акчаңыз күнү-түнү эч кандай чектөөсүз сизге иштеп берет.

“Күнүмдүк” аманатынын негизги артыкчылыктары:

  • Күн сайын пайыз эсептелип, чегерилет:
    Пайыздар күн сайын мурунку күндүн саат 23:59дагы эсептеги калдыкка жараша эсептелип, төлөнөт.
  • Каражатты башкаруунун ийкемдүүлүгү:
    Ишкерлер акчаны мурдагы эсептелген пайыздарды жоготуу коркунучусуз мөөнөтүнөн мурда чыгарып ала алышат. Ошондой эле, аманатты толуктоо үчүн чектөөлөр жок, бул бизнестин каржысын оңой башкарууга шарт түзөт.
  • Онлайн башкаруунун ыңгайлуулугу:
    MBusiness колдонмосу аркылуу аманатты 24/7 режиминде онлайн көзөмөлдөп, башкарууга болот — бул маалыматтарга жана операцияларга тез жана оңой жетүүнү камсыздайт.
  • Бул түрдөгү депозиттер арасында рыноктогу эң пайдалуу пайыздык чендердин бири.

Бул жаңы өнүм чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө, өзгөчө убактылуу бош каражатты максималдуу пайдаланып, туруктуу киреше алууга шарт түзүп, жеке ишкерлерге багытталган.

MBusiness’тен “Күнүмдүк” аманаты — бизнесиңиздин кирешесин көбөйтүүнүн мыкты жолу!

Маанилүү: Пайыздар кийинки иш күнүнөн тартып эсептеле баштайт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү үчүн пайыздар кийинки биринчи иш күнүндө кошулуп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: