super.kg logo

Орусия Ооганстанды басып алган талибдер боюнча чечим кабыл алды

 

Орусия Ооганстан бийлигин кулатып, өлкөгө ээлик кылган "Талибан" кыймылын рамий түрдө тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграмм каналдары жазышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде соттук отурум өтүп, анда Орусиянын Жогорку Соту талибдерге 2004-жылдан бери киргизилген тыюуну алып салган.

Мындан тышкары Орусиянын "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” федералдык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Бул Орусиянын мыйзамдарына ылайык террористтик деп таанылган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Талибан бийликке 2021-жылы келип, акырындык менен Ооганстандын бүт аймагын толук көзөмөлгө алган. Ошол эле учурда өлкөнүн мурдагы президенти Ашраф Гани БАЭге качып кеткен.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Кыргызстан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: