Сот Алмазбек Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча өкүм чыгарды
Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту мыйзамдагы ууру делген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарёв билдирди.
"Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште Атамбаевди күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыштын эскиргендиктен эч кандай жаза колдонулган жок", - деген Слесарёв.
Ал белгилегендей, сот залында прокурорлор соттон Атамбаевди күнөөлүү деп таап берүүнү суранган. Бирок сот ушундай чечим чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.