Базар-Коргондо тизмеде тургандарга эмес, башкаларга жер бөлүштүрүп берген чиновниктер аныкталды

Маалымдалгандай, 2019–2022-жылдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө туруктуу коррупциялык схема орун алып, мамлекетке 297,4 миллион сомдон ашуун өзгөчө ири зыян келтирилгендиги аныкталды.
"Аталган мезгил аралыгында айыл өкмөтүнүн, каттоо жана архитектура органдарынын жооптуу кызматкерлери Жер кодексинин талаптарын одоно бузуу менен 512 жаранга мыйзамсыз негизде 30 гектардан ашуун жер тилкесин берип, тийиштүү укук тастыктоочу документтерди мыйзамсыз тариздеп беришкен. Ал эми жер кезегинде турган 474 жаран өзүнүн мыйзамдуу укугун ишке ашыра албай, жер тилке менен камсыз болбой калган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.