Парламенттин төрагасы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты








Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.
Анын ичинен билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстердин, салык саясатын жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын моделдик долбоорлору кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

