АКШда марихуананы мыйзамдаштыргандан кийин биринчи аптада 5 миллион доллар киреше түштү
АКШнын Колорадо штатында марихуананы сатууну легалдаштыргандан кийин биринчи аптада 5 миллиондон ашык доллар киреше түштү. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жарыялашты. Маалыматка ылайык, бир аптанын ичинде 100 миңден ашык жарандар баңгизатты сатып алышты. Марихуанадан түшкөн кирешенин бештен бир бөлүгү - штаттын бюджетине салынат. Бул акча жаңы мектептерди, жолдорду курууга жана пайдалуу коомдук долбоорлорго бөлүнөт.
2014-жылдан баштап Колорадо бийлиги 348 компанияга баңгизатты сатууга жана сатып алууга лицензия берген. Эскерте кетсек, 8-январда баңгилерди дарылоочу Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда марихуананы легалдаштырууну сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















