Чүйдө прокурорго пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чүй облусунда прокурорго пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында К.К.К. аттуу жаран пара берүү фактысы менен кармалды.
Ал адам өлтүрүү боюнча соттолуп, жазасын өтөп жаткан У.А. аттуу таанышын жатак-абакка мыйзамсыз которуу маселесин чечүү үчүн Чүй областынын Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары сунуш кылган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Шектүү К.К.К. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул факты боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















