Чу дарыясына түшүп кеткен эркек кишини издөө бүгүн дагы уланды




Бүгүн, 19-апрелде Аламүдүн районунун Васильевка айылында дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бүгүн издөө ишине Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу 1 дрон менен тартылды.
Эске салсак, 15-апрель күнү Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Ошол убактан бери аны издөө тынымсыз улантылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.