Эдил Байсалов Ош шаарынын жаштары менен жолугушту







Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарынын жаштары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Жолугушуу бүгүн, 19-апрелде Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу жана маданият багындагы жайкы театрда болгон.
Жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору да катышып, жаштардын чыгармачылыгын жана өзүн-өзү өнүктүрүү темасында ачык жана мазмундуу диалог орун алып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берилди.
Иш-чаранын маданий бөлүгү маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа жана көчөттөрдү отургузуу жөрөлгөсү менен уланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.