super.kg logo

Зеленский Путин жарыялаган ок атышууну токтотууга реакция кылды

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев орус лидери Владимир Путин жарыялаган ок атышпоо келишимин Москва сактаса, колдой турганын айтты. Бул тууралуу украин президенти өзүнүн телеграмм каналына жазды.

Анын айтымында, 30 күндүк мөөнөткө толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотуу форматы боюнча тиешелүү сунушка Орусия 39 күндөн бери жооп бере элек. Ал белгилегендей, АКШ бул демилгени көтөрүп чыккан, Украина аны колдоп, бирок Орусия ага жооп бербей койгон.

"Эгер азыр Орусия күтүүсүздөн толук жана эч кандай шартсыз ок атышпоо форматын сунуштаса, Украина Орусия кандай кылса ошондой жооп берет. Тынчтык болсо тынчтык, сокку уруу болсо коргонуу менен кайра жооп берүү", - деген Зеленский.

Ошондой эле Зеленский эгер толук ок атышпоо чындап эле ишке ашса, Украина аны Пасха майрамынан кийин, тагыраагы 20-апрелден кийин дагы улантууну колдоорун белгиледи.

Эске салсак, ишемби күнү, 19-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамына байланыштуу элдешүү жарыялаган. Орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрель түнкү саат 00:00гө чейин бардык ок атышууну токтото турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: