super.kg logo

Москвадагы "Бодрость" мончосунда болгон окуядан кийин мыйзамсыз миграция боюнча иш козголду

 

Москвадагы "Бодрость" мончосунун ээсине жана дагы эки адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Буга чейин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Москванын Тимирязевский районунда жайгашкан мончолор күч органдары тарабынан текшерүүгө алынган. Рейддин жыйынтыгында 60ка жакын мигрант полиция бөлүмүнө жеткирилген, алардын 25ин Орусиядан депортациялоо маселеси каралууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жетекчи эки тууганы менен бирге мончого келгендерге кызмат көрсөткөн, алардын арасында кыргызстандык таксисттер да бар. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кардарлардын жана кызматкерлердин тиешелүү документтери жок экени аныкталган.

Бул иш боюнча эки айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жетекчи үй камагына чыгарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилгенин, калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми Орусиянын Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтери рейд учурунда мигранттарга карата мыйзам бузулбагандыгын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: