super.kg logo

Бишкекте жоогазын фестивалы өттү (фото)

 

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Горький көчөсүндөгү Гареев атындагы ботаникалык бакта жоогазын фестивалы өттү.

Ботаникалык бактын жетекчиси Иван Валериевичтин айтымында, бул иш-чара илимге эмгек сиңирген ишмер, илимпоз Кайыркул Шалпыковго арналды. Ал убагында жапайы жана тоо жоогазындарын сактап калуу үчүн чоң эмгектерди жасаган.

Фестивалга Казакстандын элчисинин кеңешчиси, Түркиянын элчиси, Ирандын элчиси, “Хан-Базар” демилгеси, Гапар Айтиев атындагы музейдин жетекчилери жана кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, Айыл чарба, Маданият, Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Шалпыковдун үй бүлөсү, жакындары, кесиптештери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган коноктор жаш көчөттөрдү отургузушту.

Жоогазын фестивалы болот дегенди укканда бул фестивал бизсиз болбой калат деп ойлодук. Жоогазындын мекени бул тоолор болуп эсептелинет. Бул жактан биз Стамбулга алып барганбыз. Бизден болсо Автриянын элчиси Голландияга алып барган.

Бул гүлдүн аталышы түрк тилинен “түрбан” сөзүнөн келип чыккан, ал айымдардын башына салган жоолукту, баш кийимдин түрүн түшүндүрөт. Мен үчүн бул тоолордогу жоогазындар бул өлкөдө жашаган кыргыздардын образын берет. Фестивалга чакырганыңыздар үчүн бул бактын жетекчилерине, кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем”, - деди Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем.

Иш-чаранын аягында чакырылган конокторго жапайы жоогазындар, аларды сактап калуу жолдору туурасында семинар өткөрүлдү.






Бишкекте жоогазын фестивалы өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: