Бүгүндөн баштап Бишкекте ысык суу бир айдан ашык убакытка өчөт
Бүгүн, 21-апрель Бишкек шаарында ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, ысык суу 21-апрелден 31-майга чейин оңдоо иштерине байланыштуу өчөт.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.
Белгилей кетсек, өчүрүү жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.