Таиландда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетип, 7 адам каза болду
Таиландда жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, күйүп кеткен. Натыйжада 7 адам каза болуп, дагы 40тан ашуун адам жаркат алган. Бул тууралуу Орусиянын "РИА Новости" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, аталган автобустун тормозу иштебей калып, алдында бара жаткан жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кагылышуудан кийин өрт чыккан. Окуя болгон жерден 7 адам каза болгон. Күйүп жаткан автобустан жакын жердеги адамдар 53 адамды куткарышып, алардын ичинен 41 жүргүнчүгө медициналык жардам керек болгон.
Кырсык кечээ, 20-апрелден 21-апрелге караган түнү болгон. Учурда каза болгон жарандардын өздүгү такталып жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.