Бишкекте воркаут боюнча мелдеш өтөт
26-апрелде Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында воркаут (ачык абадагы машыгуу) жана жалпы дене тарбия боюнча шаардык ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеш эки негизги багытта өтөт:
- Воркаут (фристайл): Ар бир катышуучуга 1 мүнөт 30 секунд убакыт берилет. Бул аралыкта өзүнүн стилин, күчүн жана оригиналдуу элементтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Жалпы дене тарбия: 1 мүнөт ичинде катышуучу мүмкүн болушунча көп жолу турникке тартылууга аракет кылат.
"Катышуучулар үчүн каттоо ошол даректе саат 11:30дан башталат. Катышуу акысыз жана бардык каалоочулар үчүн ачык. Даярдык деңгээли маанилүү эмес", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.