Аба ырайы: Аймактарда жамгыр, кар жаайт
Эртең, 22-апрелде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн бийик тоолуу региондорунда кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7 ... +9, күндүз +18.. +20 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +15 ... +20;
Талас жергесинде түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +13... +18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +16... +21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +12 ... +17;
Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +8... +16.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.