super.kg logo

Бишкекте тигүү цехинде мыйзамсыз иштеп жүргөн 30га чукул чет элдик жаран кармалды (фото)

 

Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктаган.

"Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү милицияга жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.

Компетенттүү органдар текстиль өндүрүшү жаатындагы иш берүүчүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого жана терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларына жол бербөөгө чакырат", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: