ИИМ: Эки киши милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды




Милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган делип эки киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунун 44 жаштагы тургуну кылмышка шектелип жаткан жакын туугандарын жоопкерчиликтен бошотуу үчүн милиция кызматкерине 50 миң сом сунуштаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыштын алкагында анын менен бирге дагы бир 47 жаштагы жаран айтылган сумманы берип жаткан жеринен кармалышкан. Алар камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.