super.kg logo

Бишкекте жолдун дагы эки тилкеси оңдоо үчүн жабылат

 

21-апрелде Бишкектеги Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (батыш тарабы) унаа кыймылы үчүн жабылат.

Кесилиштер унаалар үчүн ачык болот. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

"Мындан тышкары 22-апрелде Жибек Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) да унаа кыймылы үчүн жабылат. Түндүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат", - деп жазылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болсо, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: