super.kg logo

"Камакка алам деп коркутуп". Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жатып кармалды

 

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Жалал-Абад облусунун Базар Коргон бөлүмүнүн кызматкери жемкорлукка шектелүүдө. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жаран милицияга кайрылып, жогорудагы кызматкер 2024-жылдын башынан бери камакка алам деп коркутуп, акча талап кылып жаткандыгын айткан. Ал 1000, 3000, 5000 сомдон бөлүп отуруп, 40 миң сом алган. Учурда дагы 20 миң сом пара талап кылып жатканын айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Натыйжасында Базар-Коргон районунун пробация бөлүмүнүн кызматкери 1981-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.






Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: