super.kg logo

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын маселелери талкууланды

 

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен Орусия президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов кечээ, 21-апрелде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен болуп, өлкөбүздүн жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсүнө байланыштуу маселелер, анын ичинде коомдук резонанс жараткан Москвадагы мончо комплексиндеги кыргыз жарандары менен болгон окуянын айланасындагы кырдаал талкууланды.

Элчи Бөкөнтаев 11-апрелде болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Орусия тарапка бул маселени объективдүү жана акыйкат кароону суранды.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар байма-бай тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.

Мындан тышкары жолугушуу учурунда Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн билдирген Орусия президентинин жарлыгынын мөөнөтү 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылганы тууралуу Орусия тарап кабарлады.

Тараптар кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан ары да бекемдөөгө бекем чечкиндүүлүктү белгилешти.

"Министрлик буга чейин аталган жарлыктын мөөнөтүн узартуу маселесинин үстүндө тиешелүү иштерди алып барып, Орусия тараптын дарегине тиешелүү кайрылуулар жиберилгенин белгилейт", - деп жазылат расмий билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: