Бишкекте кош бойлуу айымды өлтүрүүгө шектүү адам кармалды
Бишкекте кош бойлуу аялды өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү 43 жаштагы жаран 10-январда Чүйдөгү Беловодск айылынан кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, кылмышка шектүү сатуучу аялдан акча талап кылган. Аял каршы болгон жана ошонун айынан каза тапкан.
Эскерте кетсек, 9-январда саат 14:30 чамасында Бишкектин Араван-Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде кош бойлуу аял бычактан каза тапкан. Ал Нарындын Ак-Талаа районунун 33 жаштагы тургуну болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

бул Бишкекте болуп пресса да кызыктар, улам жазып бары ачыкка чыгып ататда, а пресса же тв. барып тартып кете турчу аймактарда баары жабык иш бойдон эле калат.
Албетте мындай окуялардын көп болуп атканы закондун боштугу!