super.kg logo

Акыйкатчы Сузакта 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айтты

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өгөй атасы тарабынан 15 жашар кыздын зордукталганы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери өспүрүм кыз менен жолугуп, анын абалынан кабар алган.

Жабыркаган кыздын айтымына караганда, 43 жаштагы өгөй атасы 12 жашынан баштап эки жыл зордуктап келген.

"2024-жылдын күз айында апасы чет өлкөгө иштеп келүүгө кетип, 3 кызын (зомбулукка кабылган кызы мурунку турмушунан, калган экөө азыркы күйөөсүнөн) жолдошуна таштап кеткен. Бир канча убакыттан кийин, кыздарын Чүй облусунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Кыз эки бир тууганы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан. Ал эми ушул жылдын апрель айында кыздарды кайрадан атасынын колуна жөнөтөр алдында болгон окуяны аларды карап жаткан аялга айтып берген", - деп билдирди Акыйкатчы институту.

Кыздарды карап жаткан аял 16-апрелде Ысык-Ата РИИБине арыз менен кайрылган. Милиция өспүрүм кызды суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Учурда жыйынтыгы чыга элек.

Ал эми кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылып, жанында апасы жок болгондуктан, социалдык кызматкерлердин камкордугуна алынды.

Сузак райондук ички иштер башкармалыгы кыздын өгөй атасы кармалып, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш ишин козгогонун маалымдады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: