super.kg logo

УКМК Токмоктогу мрамор жана керамикалык гранит чыгаруучу завод боюнча билдирүү жасады

 

Токмок шаарындагы мрамор жана керамикалык гранит плиталарын чыгаруучу завод мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Токмок шаарында жайгашкан "Кыргыз Тоо-Таш" өндүрүштүк масштабындагы керамикалык гранит буюмдарын, мрамор плиталарын жана кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча завод мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

Маалымдама: "Кыргыз Тоо-Таш" заводу 60-жылдардан тартып Бүткүл союздук мааниге ээ болгон жана СССРдин көптөгөн шаарларын таш менен камсыз кылган. Бишкектин муниципалдык имараттарынын 60%дан ашыгы "Кыргыз Тоо-Таш" (гранит, мрамор, акиташ ракушечник, шагыл) материалдарын колдонуу менен курулган. Өндүрүш модернизацияланган жана Италиядан алынып келинген эң заманбап жабдууларга негизделген; заводдун карамагында өзүнүн карьерлери, кирүүчү темир жол жана жүк ташуучу унаалар паркы бар", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле айлык өндүрүштүн көлөмү 30 миң чарчы метрден ашык каптоочу плиталарды (мрамор, акиташ, гранит) түзөт. Ошол эле учурда жогоруда аталган ишкананын ишмердүүлүгү даяр продукцияны ири көлөмдө экспорттоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: