Бахрия университетине кыргызстандык студенттерди кабыл алуу башталды
Пакистандын элчилиги ушул жылдын күзгү семестринде Бахрия университетине окууга чет өлкөлүк студенттерден арыздарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдады.
Бахрия университети – бул көп тармактуу мамлекеттик жогорку окуу жайы. Анда бакалавриат жана магистратура деңгээлинде төмөнкү багыттар боюнча билим берет: компьютердик илимдер, укук, психология, медицина, стоматология жана башка адистиктер.
Чет элдик студенттер үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
- арыз тапшыруу акысыз;
- окуу акысы жергиликтүү студенттердики менен бирдей;
- кабыл алуу талаптары да жергиликтүү студенттер менен бирдей;
- документтерди тапшыруу толугу менен онлайн жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек: Бул мүмкүнчүлүктөр медицина жана стоматология багытындагы программаларга тиешелүү эмес.
Арыздар 31-июлга чейин кабыл алынат. Арыздарды университеттин бардык кампустарына (Исламабад, Лахор, Карачи жана Кесиптик психология институту) онлайн режимде берүү керек.
Кошумча маалымат жана онлайн тапшыруу боюнча маалымат шилтемеде.
