super.kg logo

Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнү Бакуда белгиленет

 

3-майда Азербайжанда Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнүнө арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда Баку шаарындагы М.Магомаев атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясында Азербайжандын Маданият министрлиги, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Азербайжан филармониясынын уюштуруусунда Түрк дүйнөсүнүн биримдик күнүнө арналган “Бирдик руху” аттуу концерт өтөт.

Концерттик программада Ниязи атындагы Азербайжан мамлекеттик симфониялык оркестри (дирижёрлор Ялчын Адгозалов жана Канат Омаров) жана Казакстандын «Туран» фольклордук ансамбли катышат. Программада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын композиторлорунун чыгармалары жана элдик ырлары жаңырат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган майрамдын 80 жылдык тарыхы бар. Бул тарыхый күн биринчи жолу 1944-жылы 3-майда Түркияда – Топхана аскердик түрмөсүндө түркчүлүк үчүн күрөшкөн туткундар тарабынан белгилене баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: