super.kg logo

"Робот техникаларды колдонуп". Ташиев УКМКнын машыгуусуна катышты (фото)

 
Бүгүн, 22-апрелде УКМКнын "А" атайын багыттагы кызматынын «Асман көзөмөлү – 2025» антитеррордук машыгуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул туурасында атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, машыгууга коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.
"Асман көзөмөлү – 2025" машыгууларынын максаттары:
  1. Атайын жана ыкчам-күжүрмөн операцияларды жүргүзүүдө УУА жана жердеги роботторду колдонуу боюнча атайын багыттагы кызматтын өздүк курамынын көндүмдөрүн өркүндөтүү;
  2. Атайын күчтөрдүн аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгуу, ошондой эле FPV-дрондорду, квадрокоптерлерди, жердеги роботторду коопсуз пайдаланууну иш жүзүндө сыноодон өткөрүү, ошондой эле орнотулуучу жардыргыч заттарды талаа шартында күжүрмөн абалга келтирүү;
  3. Барымтадагыларды бошотуу жана ар кандай объектилердеги террористтерди жок кылуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн иш-чараларды өткөрүүдө атайын бөлүктөр менен тажрыйба алмашуу, ал максаттарга ылайык жер үстүндө жүрүүчү роботторду колдонуу.
Машыгуунун алкагында заманбап күжүрмөн робототехниканын орчундуу мүмкүнчүлүктөрү практика жүзүндө көрсөтүлдү. Анда согуштук-күжүрмөн ийгиликтүү аткарылды:
  • роботторду колдонуу менен "шарттуу административдик имаратка" чабуул коюу, андан ары атайын аскердик топ тарабынан имаратты тазалоо;
  • жердеги камикадзе дрондун жардамы менен унаа каражатын жардыруу;
  • чабуул жасоочу дронду колдонуу менен унаа каражатын жок кылуу;
  • кумулятивдик жардыргыч заттар менен жабдылган чабуулчу дрондорду, ошондой эле ар кандай ок чыгаруу механизмдери бар көп жолу колдонулуучу FPV дрондорун колдонуу.
Ташиев «А» атайын багыттагы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп, учурда мамлекет тарабынан материалдык-техникалык база менен жабдуу боюнча бардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, террористтик-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакыргандыгы маалыматта кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: