Нарын мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп Тилек Исабеков дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, жаңы дайындалган ректорду жалпы жамаат менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тааныштырды.
Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.