super.kg logo

Акыйкатчылар СИЗО-1де жаткан аялдар менен жолугушту

 

Акыйкатчы институту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 21-мекемесинин тергөө абагында камалгандардын укуктарынын сакталышын баалоо максатында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери СИЗО-1дин аялдар кармалган корпусуна барышты. Айрым аялдар ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана медициналык жардамдын жетишсиз болуп жатканына нааразы болушту.

Институттун кызматкерлери укук коргоочу Рита Рахман менен да жолугушуп маектешти. Аны менен чогуу камерада дагы үч аял кармалып турат. Ал кармоо шарттарына жана мекеме кызматкерлеринин аракеттерине даттанган эмес.

Бирок, мурдагы камактагы мезгилинде саламаттыгына зыян келгени жөнүндө айтып, жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирди.

Мониторингдин жыйынтыгында №21 мекеменин медициналык пунктуна абактагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча сунуштар берилди.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигин СИЗО-1де зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүгө шарт түзүүгө жана абакта жаткан адамдардын саламаттыкты сактоо укуктарын камсыздоого чакырды.

Анын айтымында, "Кылмыш жасоого шек саналып же айыпталып кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамдын 23-беренесине ылайык, тергөө абактарындагы дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык иштер "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: