Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолу асфальтталат




Чүй облусунун Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолунун 2,5 чакырымы асфальтталат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда 14-16,5-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүп, жолдун негизи даярдалып жатат.
"Жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Александровка-Асылбаш жолунун былтыр 3 чакырымына асфальт төшөлгөн. Жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

