super.kg logo

"Кайрымдуулук кылам". Ошто 8 жаранды алдап кеткен шылуун кармалды

 
Ошто Бобур аттуу бала 8 жаранды алдап кеткен. Бул туурасында Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кара-Суу районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Бобур аттуу бала кайрымдуулук иштерди жасап жүргөндүгүн айтып, тик-ток тиркемеси аркылуу байланышкан. Ал арыз ээсинин байланыш номурларын алган соң, “О!банк” тиркемесин көчүрүүнү айткан. Андан соң банктын тиркемесинен анын аты аркылуу 65 мин сом кредит алып койгон. ушундай эле мазмундагы арыз менен дагы 8 жаран милицияга кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, натыйжада шектүү катары 2000-жылы туулган Ош облусунун тургуну Н.Б. аттуу жаран кармалган. Ал соттун чечими менен бир айга камалган.
Шаардык милиция жогорудагы баладан жапа чеккендер болсо 0551-62-10-41, 0220-41-41-91 номурларына кайрылууну суранат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: