super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов Чолпон-Атадагы "Рух-Ордого" барышты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кечээ, 22-апрелде, анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев комплекстин аймагында кыскача экскурсия жасатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди. Андан соң расмий эмес кечки тамак болду. Ардактуу коноктор борбордун аймагында сейилдөө учурунда улуттук музыкалык аспап формасында жасалган пирсти көрүп чыгышкан.

"Мында аларга комуз чертүү чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко кыргыздын музыкалык маданиятынын символу болгон комузду тартуу кылды. Мындан кийин президент жана төрага улуттук даамдарды тартуулоо учурунда куурма чайдан ооз тийишти. Кийинчерээк алар комплекстин жанында жайгашкан радон булагына жөнөштү. Анда Садыр Жапаров суунун дарылык касиетине токтолуп, ден соолукка тийгизген пайдалуу таасири менен белгилүү болгон мындай булактар ​​Ысык-Көл облусунда миңдеп саналарын баса белгиледи", - деп билдиришти президенттик администрациядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: