super.kg logo
  Саясат  

Депутат шылуун курулуш компанияларын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө сунуш айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында шылуун курулуш компанияларды көзөмөлдөө үчүн өкмөткө сунуш айтты.

Айтымында, депутаттын дарегине шылуун курулуш компаниялар боюнча бир топ жарандар кайрылууда.

"Маселе чечилбей эле жатат. Өкмөт өзү киришпесе, бул маселе чечилбейт. Азыр сунуш мындай болуп жатат: Биз тышкы башкаруу деген маселени мыйзамдарга киргизгенбиз. Учурунда "Күмтөргө" тышкы башкарууну киргизип, бир топ каталарды ошол жерде таптык. Эми шылуун курулуш компанияларга ушундай тышкы башкарууну киргизсек. Себеби алар жарандарды алдап, каражатты алып, же курулушту бүтүрө албай, өзүлөрү качып жүрүшөт, а кээ бирлери камалып жатат", - дейт ал.

Депутат курулушу бүтпөй турган турак жайлары үчүн жарандар депутатка кайрылганын мисал катары айтты.

"Ошол эле "Кж.Группту" алсак. А.Масалиев, 81 дарегинен жарандар мага кайрылып келишти. Алар "3-блок дагы эле бүтпөй жатат" деп жатышат. Ошол жерде курулушту бүтүрсө болот эле. Компанияда кичине болсо дагы актив бар. Бирок жетекчилер кылбай жатышат. Ушул жерге тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайт элем.

Башка курулуш компанияларына дагы тышкы башкарууну киргизсек, туура эле болот", - деп эл өкүлү өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.






23.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: