ФИФА "Реал Мадриддин" жылдызын футболдон четтетиши мүмкүн
Мадриддик "Реалдын" бразилиялык чабуулчусу Винисиус Жуниорго Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) шектенүүдө. Бул тууралуу Marca басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы футболчу бир нече футбол клубуна ээлик кылгандыктан, кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча эрежелерди бузган деп шектелүүдө. Эгерде күнөөсү далилденсе, бразилиялык футболчу эки жылга чейин футболдон четтетилиши мүмкүн.
Бул сезондо Винисиус Жуниор бардык мелдештерде 47 оюн өткөрүп, 21 гол киргизип, 15 жолу голдук пас берген. Футболчунун клуб менен учурдагы эмгек келишими 2027-жылдын жай айына чейин түзүлгөн. Transfermarkt порталында берилген маалыматка караганда, футболчунун базар баасы 200 миллион еврону түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.