"Акылбек Үсөнбекович тың болчу". Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевди сындады (видео)
Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жай иштеп жатканын айтып, аны сынга алды.
Анын айтымында, буга чейинки Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чечкиндүү иштеген.
"Акылбек Үсөнбекович тың болчу, депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, көлдү айланып келгиче канча өттү, дагы эле жооп жок да. Менден салам айтып коёсуңарбы, "пожалуйста". Депутаттын берген катына жооп берип койсо жакшы болот эле. Акылбек Үсөнбекович тың болчу, чечкиндүү болчу. Мен атамдыкын, энемдикин же бир тууганымдыкын сураган жокмун да. Элдин маселелерин сурап жатам", - деди Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевди сынга алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.