super.kg logo
  Саясат  

"18 миллионго жакын акча". Депутат БатМУнун ректорун кызматтан алууну талап кылды (видео)

 

Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Баткен мамлекеттик университетиндеги жемкорлук боюнча чара көрүлбөгөнүнө нааразы болду.

Ал кылмыш иши ачылса дагы ректор кызматынан алына элек дейт.

"Контракт катары студенттерден төлөнгөн 15 миллион сомду БатМУ кымырып алган. Андан сырткары 3 миллион сомго жакын сумманы командировкаларга кетирген. Ким "чартаңбай" тепти? Жетекчилик, ректор. БатМУдан жалпысынан 18 миллионго жакын акча коротулганын Финансы министрлигинин ички аудити эле таап чыккан. Эгер көз карандысы аудиттер иликтесе, мындан да көп чыгышы мүмкүн. Баткен башынан тогол күндөрдү өткөрдү.

Опурталдуу, кооптуу, согуш күндөрүн башынан өткөргөн Баткен эли "тишинин кирин соруп" контракт төгүп жатса, аны жеп койгонго ректордун кандай акысы бар? Андай ректорду бир күн койбой жумуштан алышыңар керек болчу. Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин отурат? Бул эмне деген алешемдик? Буга "Ишенип берилген мүлктү ири өлчөмдө ыйгарым алуу" беренеси менен иш козголуп жатат да", - деди Талиева.

Эл өкүлү андыктан парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жогорку окуу жайларды өзүнчө министрлик кылуу сунушун колдорун белгилеп, бул өз кезегинде жогорку окуу жайлардагы маселелерди алдын аларын айтты.






Жогорку Кеңеш 23.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: