super.kg logo
  Саясат  

"Элди ойлошубуз керек". Депутат аймактарга каттаган таксисттердин көйгөйүн көтөрдү (видео)

 

Бишкектен жети дубанга каттаган таксисттер үчүн унаа токтотуучу жай көйгөй болууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов парламенттин бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында билдирди.

Ал автобекеттер шаар четине чыгарылганын эске салып, эл ал жакка барбай, таксисттер калаанын ар кайсы бурчунан аймактарга каттап жатканын айтты.

"7 облустун райондорунан борборго тынымсыз эл келип турат. Акыркы күндөрү региондорго кеткен таксисттер үчүн унаа токтотуучу жайлар көйгөй болуп жатыптыр. Элди ойлошубуз керек. Шаардын сыртына автобекет уюштуруп бериптир, бирок ал жакка эл барбай, азыр шаардын ар жеринен качып-качып аймактарга каттап жатышат", - деди Сарыбашов.

Эл өкүлү бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясы менен кеңешип, көйгөйдү чечип берүүнү сунуштап өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

Эске салсак, былтыр Бишкек шаарындагы Чыгыш жана Батыш автобекеттеринин шаардын четине чыгарылган.






Депутат аймактарга каттаган таксисттердин көйгөйүн көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: