super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Гурбангылу Бердымухамедов менен сүйлөшүү өткөрдү (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде, Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Алгач саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң өлкө башчы менен төрага сүйлөшүүлөр залына өтүштү. Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланыштарды жана аймактык демилгелерди талкуулашкан.

"Ардактуу мейманды куттуктап жатып Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовдун иш сапарынын кыргыз жана түркмөн элдеринин көп кылымдык достугун чыңдоодогу маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн соода кызматташтыгындагы ишенимдүү оң динамиканы белгилеп өттү. Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Орусия, Венгрия, Өзбекстан жана Азербайжан менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддорун түзүү тажрыйбасына ылайык Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы терең жана көп жактуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал түркмөн тараптын бардык негизги тармактарда, анын ичинде соода, газ, энергетика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагында жигердүү кызматташууга умтулуусун жана даярдыгын баса көрсөттү.

Соңунда Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн өнөктөштүгү үчүн жаңы перспективаларды ачарына ишеним билдирди. Бул контекстте ал залкар түркмөн ойчулу Махтумкули Фрагинин: «Биримдик – кыялды чындыкка айландыруучу күч» деген сөздөрүн мисал келтирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: