super.kg logo

Казакстанда аял поездде көз жарып, ымыркайды терезеден ыргытып жиберди

 

Казакстанда Кызылордадан Астанага бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган поездде кош бойлуу аял көз жарып, ымыркайды терезеден ыргытып жиберген. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-апрель күнү болгон. Анда кош бойлуу аял поезддин ажатканасында көз жарып, ымыркайды вагондун терезесинен ыргытып жиберген.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, жүргүнчүлөрдүн бири вагондогу канды байкап, издин артынан барган. Кандуу из аял жаткан купеге келгенде, канга боёлгон аял жаткан.

Териштирүү иштери жүргөндөн кийин аял поездде көз жарып, баланы терезеден ыргытып жибергени маалым болгон. Андан кийин ымыркайдын сөөгү табылган.

Учурда факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: