super.kg logo
  Саясат  

"Жалдырап келесиңер". Депутат Түлөбаев кесиптештерин өкмөткө жараша мамиле кылууга чакырды (видео)

 

Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттүн таза суу боюнча жүргүзүп жаткан ишин сынга алды.

"Ратификациядан өтүп, акчаны алганда укмуш аласыңар, "ой, мен жыргатам, гүлдөтөм" деп. Эки жыл болду, суу маселеси чечилбей жатат. Эл суу ичеби, же силерди "качан бересиңер?" деп күтүп отура береби? Ратификациядан миллиондогон долларларды "шакылдатып, зыңкылдатып" эле өткөрүп берип жатабыз го.

Таза суу жагынан элди карап койбойсуңарбы! Келгенде көзүңөрдү жалдыратып келесиңер, "өткөрүп берип койгулачы" деп. Акчаны бергенден кийин ирети менен бат-баттан бүтүрбөйсүңөрбү! Өкмөт, каттарга жооп берип койгулачы. Ар дайым орун басарлар жооп берет. Мындан кийин министрдин колу жок каттарды такыр кабыл албашыбыз керек", - деди ал.

Түлөбаев кесиптештерин өкмөт кандай мамиле кылса, ошого жараш жооп кылууга чакырды.






Жогорку Кеңеш 23.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: